Чүйдө 26 жаштагы жигит реанимацияда жатат. Шектүү катары айылдашы кармалды

Москва районунда жаран ооруканага түшүп, бул окуяга шектүү катары айылдашы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

14-май күнү Москва райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор акыбалда 1997-жылы туулган Мураке айылынын тургуну түшүп, окуя боюнча маалымат Москва РИИБге жөнөтүлгөн. Аталган окуя Москва РИИБде катталып, 15-май күнү кылмыш иши козголгон. Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка тиешеси бар болуп ошол эле айылдын 1990-жылы туулган тургуну кармалды.

«Тергөө учурунда, окуя боюнча кийинки жагдай такталды, 14-май күнү айыл четинде айылдаштар арак ичип олтуруп, уруша кетип, шектүү жабарлануучуну катуу сабап койгон. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат», — дешти.