Чүйдө зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-сентябрда Москва РИИБге 1996-жылы туулган жаран кайрылып, аны 3-сентябрда саат 22:30 чамасында Ак-Суу айылында зордуктап кеткенин айтып, арыз жазган. Аталган факты боюнча 4-сентябрда кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары, 1985-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.