Чүйдө 28 жаштагы жаран 17 жаштагы кызга үйлөнүүнү чечкен. Айылдын имамы кармалды

Жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы болгон 1960-жылы туулган жаран жашы жете элек 2005-жылы туулган кыз менен 1995-жылы туулган жигитке нике кыйгандыгы аныкталган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда 1960-жылы туулган жаран аталган кылмыш ишине шектүү катарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө ага карата үй-камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.