Чүйдө 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсыктын чоо-жайын айтышты.

Кечээ, 17-ноябрь күнү саат 18:00дөр чамасында жолдун 29-чакырымында «Түндүк электр» ишканасына тиешелүү УАЗ менен Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жеңил унаанын 41 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Унаа УАЗ менен сүзүшүп, күйүп баштаган. Өрттөнүп жаткан унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болду. Тойота жана УАЗ унааларынын 4 жүргүнчүсү Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.