Чүйдө 3 килограммга жакын «мефедрон» менен 2 чет өлкөлүк жаран кармалды

Эл аралык баңгизат тобунун каналына бөгөт коюлуп, салмагы 2 килограмм 800 граммды түзгөн «мефедрон» синтетикалык баңги заты алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

10-декабрда УКМК тарабынан синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу боюнча дагы бир каналга бөгөт коюлду. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат кылмыштуу тобунун 2 мүчөсү кармалды. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылына жакын жерде, “Ак-Жол көзөмөлдөп-өткөрүү пункту – Бишкек шаарынын унаа жолунда” эки чет элдик жаран, жалпы салмагы 2 килограмм 800 граммды түзгөн синтетикалык «мефедрон» баңгиз аты менен кармалган. Бул баңгизаттын базар баасы 1 граммы 6000 сомго бааланып, Кыргыз Республикасынын аймагында кармалган баңги жүктүн баасы болжол менен 15 миллион сомду же 168 миң долларды түзөт.

Кармалган чет элдик жарандар тергөө амалдары бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.