Чүйдө 30 жана 35 жаштагы жарандардын ортосунда уруш чыгып, бычак сайылды

Жайыл районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

8-апрель күнү Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 1992-жылы туулган жаран бычактан алган жаракатынан улам жаткарылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.