Чүйдө 32 жаштагы келин киши колдуу болду. Кылмышка кошунасы шектелип жатат

Чүйдө келинди өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 18-сентябрда болжол менен саат 10:30да Прогресс айылында аялга бычак сайылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1956-жылы туулган кишинин мас абалында 1991-жылы туулган кошунасына барып, бычак сайганы аныкталган. Келин ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумган.

Кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен иш сотко өткөрүлгөн.