Чүйдө 33 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан каза болду. Кылмышка шектүү кармалды

Чүйдө бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн жаран көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-сентябрда Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканада 1988-жылы туулган жарандын каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча, жаран ооруканага 5-сентябрда курсак тушка сайылган бычактан алган жаракатынан улам жаткырылган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1975-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.