Чүйдө 33 жаштагы киши аялын белине чейин көмүп салган

Кечээ, 22-апрелде Панфилов РИИБге 24 жаштагы жергиликтүү тургун С.К.дан кошунасы аялын чуңкурга көмүп салгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, 35 жаштагы эркек киши үйүнө мас абалында келип, кызганычтан 33 жаштагы аялын ур-токмокко алып, үйүнүн аркы короосуна сүйрөп барып, аңга түртүп, белине чейин топурак менен көмүп салган. Муну көргөн кошунасы милицияларды жардамга чакырган.

Сурак учурунда келиндин күйөөсү кылган ишин мойнуна алып, ушундай жол менен жубайын коркутуп коюуну чечкенин айткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.