Чүйдө 35 жаштагы эркек киши бакка асылган абалда табылды

Кечээ, 20-майда болжол менен саат 18:26 чамасында милициянын «102» кызматына Москва районундагы Петровка айылында эркек кишинин асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдагы турак үйдүн биринин короосундагы бакта 1986-жылы туулган эркек киши асынып, өз өмүрүн кыйган. Ал жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.