Милиция жашы жете элек кызды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургун 39 жаштагы жаран 12 жаштагы өгөй кызын сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаганы аныкталган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Жазык кодексинин 156-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.