Чүйдө 4-класстын окуучуларын сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Окуянын видеосу

Чүйдө окуучуларды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

13-март күнү саат 15:04 чамаларында Ысык-Ата районун Люксембург айылынан Ленин көчөсүндө жайгашкан Ваккер атындаты орто мектебинин жанындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн түштүктөн-түндүктү көздөй өтүп бара жаткан 4-класстын окуучуларын чыгыштан батышты көздөй бара жаткан айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи суй электе 14-март күнү Чүй облусунун аймагында 14-15 март күндөрү “Автоиздөө” аттуу рейдтик иш-чарасы жүрүп жаткан учурда, 2000-жылы туулган жаран кармалып, Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди. Ал эми Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.