Чүй райондук прокуратурасы 4 млн 200 миң сомдон ашык акчага бааланган жер тилкелерин Чүй районунун Бурана жана Сайлык айыл өкмөттөрүнүн менчигине кайтарды.
2016-жылдын 5-январында Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн токтому менен күнөскана куруу үчүн айыл чарба багытындагы 9,48 гектар жер тилкеси жеке адамга акысыз берилген.
Ошондой эле Чүй районунун Сайлык айлык өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-декабрындагы жасалма токтомунун негизинде К.К. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн аянты 800 чарчы метр болгон жер тилкеси ажыратылып, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген.
Жогоруда аталган актыларды жараксыз деп табуу жана жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарып берүү максатында райондук прокуратура тарабынан сотко административдик доо арыздар келтирилген.
Чүй облусунун административдик соту райондук прокурордун арызын толугу менен канааттандырды.
Бул фактылар боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.