Чүйдө 41 жаштагы жаран өлтүрүлүп, унаасы өрттөлгөн. Шектүүлөр кармалды

Чүйдө кызганычтын айынан киши өлтүрүү катталып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-ноябрда саат 11:30 чамасында Панфилов айылына жакын жердеги арыкта Кайыңдынын тургуну 1982-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Аны кароодо башында, денесинде жаракаттар, тактар аныкталган. Сөөк табылган жерден 200 метр алыстыкта Мазда унаасы өрттөлгөн абалда табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 1982-жылы туулган жарандын Бишкекке жолго чыкканы, жакындары менен акыркы жолу 1-ноябрда сүйлөшүп, башка байланышка чыкпаганы аныкталган. Кылмышка шектүү катары Кайыңдынын 1978 жана 1993-жылы туулган жарандары кармалып, күнөөнү мойнуна алышкан. Кылмышка кызганыч себеп болгону айтылды. Кармалгандар камакка алынды.