Чүйдө 42 жаштагы жарандын үйүнөн 8 килограммдан ашык гашиш табылды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизаттарды Чүй облусунан Орусия Федерациясына ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кызматтын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунунан Орусия Федерациясынын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүшүп, милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныктай алышкан.

Аталган факт Жазык кодексинин 267-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) белгилери менен катталган.

Жүргүзүлгөн мындан аркы тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган жаран кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүнүн жашаган үйүнүнөн жети жүз алтымыш эки даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 килограмм 930 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.