Чүйдө 48 жаштагы жаран Фейсбук аркылуу «Хизб ут-Тахрир» уюмунун материалдарын таратууга шектелүүдө

Чүй облусунда социалдык тармак аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан “Хизб ут-Тахрир” диний экстремистик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Фейсбукта диний-экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан аккаунт аныкталган. Жүргүзүлгөн экспертиза материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмунун тастыктаган. Кылмышка шектелип, 48 жаштагы жаран кармалган. Тергөө уланууда.