Чүйдө мергенчи кар көчкү алдында калып, көз жумду

Чүйдө кар көчкү түшүп, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч мергенчинин бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3 миң метр куб кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган. Издөө иштерин жүргүзүшүп, кар көчкүнүн астынан 49 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилди.