Чүйдө 5 жаштагы баласын сабады деген шек менен өгөй атасы кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 5 жаштагы өгөй баласын сабады деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, беш жаштагы баласын өгөй атасы сабаганы тууралуу арыз менен милицияга баланын апасы кайрылган. Окуя 22-февралда, саат 21:00 чамасында болгон. Андагы аялдын айтымында, 22-февралда жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын жарандык никедеги күйөөсү уруп жатканы көрсөтүлгөн.

Мындан улам облусттук милиция 33 жаштагы тургунду кармаган. Укук коргоо органдарынын айтымында сабалган бала аялдын мурдагы никесинен. Баланы урган күйөөсү менен жарандык никеде жашап, бир балалуу болгон.

Учурда өгөй баласын сабады деген шек менен кармалган жаран Ысык-Ата райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.