Чүйдө 5 жыл мурун аял дайынсыз жоголгон. Жансыз денеси тоодо көмүлгөн жерден чыгарылды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери мурдагы жарандык жубайын өлтүрдү деп шектелген адамды кармашты. Аялдын сөөгү Сосновка айылындагы тоолордо көмүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2020-жылдын 30-августунда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1967-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 8-август күнү саат 08:00 чамасында анын 1986-жылы туулган кызы Кара-Балта шаарында жашаган үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып барбаганын билдирген. Бул факты катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон аял ошол күнү Сосновка айылындагы тоодо мурдагы жарандык жолдошу менен чогуу болгону аныкталган. Алар бир жылдан бери бирге жашабай калышкан.

Бул багытта иликтөө иштери жүргүзүлүп, 2025-жылдын 9-сентябрында Сосновка айылынын түндүк тарабында анын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгиси бар сөөгү табылган. Кылмышка шек саналып мурдагы жолдошу кармалды. Иликтөөдө такталгандай, 2020-жылдын август айында алар жолугушкан, шектүү жубайына жаракат келтирип, анын өлүмүнө себеп болгон. Кылмышты жашыруу максатында ал маркумдун денесин көмүп салган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.