Чүйдө 6 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Буга чейин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратып, 16 жаштагы Хадича Болотбекова 15-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген эле.

Анын Ысык-Атадагы Жайылма көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барбаганы да айтылган. Бүгүн, 21-сентябрда саат 13:30 чамасында анын жансыз денеси Серафимовка айылы менен Туз айылынын ортосундагы суу сактагычтын жээгинен табылды. Денесин кароо учурунда зомбулук тактары байкалган эмес. Бардык жагдайлар такталып жатат.