Чүйдө 8-класстын окуучусу сабалган. Окуучулар суралып жатат

6-февралда милицияга 1986-жылы туулган жаран кайрылып, анын 2008-жылы туулган уулун Шопоков шаарындагы №1 гимназиянын окуучулары сабаганын айтып, арыз жазган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы денеге өтө оор эмес жаракат келтирилген деп чыккан. Кечээ, 12-февралда бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Тергөөдө кылмыш иши боюнча гимназия мектебинин окуучулары суракка алынып, учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, тергөөнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.