Чүйдө 9 жыл мурда жоголгон эки кишинин сөөктөрү талаадан табылды. Шектүүлөр убагында жалган көрсөтмө беришкен

Кечээ, 10-майда Чүй облусунун милициясы 9 жыл мурун эки адамды өлтүрүү кылмышынын бетин ачышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2013-жылдын октябрь айында Токмок ШИИБге 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран кайрылган, алар 2013-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып, кайтып барышкан эмес. Бул факты Токмок шаарынын Ички иштер бөлүмүндө катталып, кийин Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинде (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, издөө иши башталган.

3-майда Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүндө жайгашкан талаалардын биринен адам калдыктарын табуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам топ жөнөтүлгөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган. Андан кийин дайынсыз жоголгон Кунбасовдун жана Ишеновдун туугандары аталган сөөктөрдү жана сакталган кийимдерди аныктап, инсандыгын тастыкташкан. Аталган кылмышты жасагандыгына шектүү катары 1985 жана 1964-жылы туулган жарандар кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш өлтүрүлгөндөр менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосундагы келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр аталган эркектердин өлүктөрүн алып чыгып, Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан. Мындан тышкары, 2014-жылы тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган, бирок шектүүлөр жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда, алардын ортосундагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечишкенин жана алардын жок болушуна эч кандай тиешеси жок деп көрсөтмөсүндө айтышкан. Азыркы учурда иштин материалдары боюнча бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.