Чүйдө абактан чыккан кишинин кылмышы видеого түшүп калган. Ал кайра кармалды

Аламүдүн районунда унаадан ири суммадагы акча урдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

27-ноябрда милицияга жаран кайрылып, Лебединовка айылындагы үйлөрдүн жанында токтоп турган унаасынын ичинен 1 миллион 680 миң сом акча каражатын уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолуп, жакында эле абактан чыккан 1991-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Анын жанынан уурдалган каражат алынып, ээсине кайтарып берилди.