Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-июнга караган түнү саат 05:30 чамасында эки жаран Лебединовка айылындагы үйдө спирт ичимдигин ичип отурушкан. Мас абалында бири экинчисин өлтүрүү максатында бир нече жолу моюн жана төш тарабына бычак сайган. Шектүү кылмышты жашыруу максатында жансыз денени үйдүн дааратканасына салып жиберген. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү маркумдун жансыз денеси кайсы жерде экенин көрсөткөн. Кызматкерлер чирип бара жаткан жансыз денени дааратканадан алып чыгышкан.
Шектүү катары 2008-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган.