Чүйдө адамды өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында үйгө өрт койгон шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
18-мартта саат 07:10до милицияга Сокулук айылынын Ысык-Көл көчөсүндө жайгашкан үйдө өрт чыгып, анын кесепетинен адам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Сокулук РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 18-мартта саат 04:00 чамасында жогоруда аталган даректе В.С. жана Т.К. аттуу жарандардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен Т.К. жаракат алып, алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Кылмышты жашыруу максатында В.С. аттуу жаран үйдү өрттөп, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.