Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-августта саат 20:46 чамасында милицияга Петропавловка айылындагы көчөдө 45-50 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, тергөө башталган. Маркумдун 1960-жылы туулган жаран экени, Жыйыл районунун жашоочусу экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган жаран кармалды. Кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.