Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Шектүү дагы эле камакта

Өткөн жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.

Бүгүн, 12-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда, шектүүнүн дагы эле камакта экени маалым болду. «Камакта, соттук отурумдар өтүп жатат. Отурум 17-майга белгиленди, бүгүн жабырлануучу тарап келбегенине байланыштуу соттук отурум жылдырылган», — дешти.