Өткөн жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.
12-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Чүй облустук сотуна кайрылганыбызда, шектүүнүн дагы эле камакта экени маалым болгон.
Бүгүн, 20-июнда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги шектүүнүн бир тууган карындашы менен байланышканыбызда, агасы 3 жылга эркинен ажыратылганын билдирди. Мындай чечимди кечээ, 19-июнда Чүй райондук соту чыгарган. Анын айтымында, агасынын ушул күнгө чейин убактылуу кароочу жайда жатканы 2 жыл деп эсептелген. Дагы 1 жыл жаза өтөрүн айтат. Ал соттун мындай чечимине нааразы экенин айтып, облустук сотко кайрыларын билдирди.