Чүйдө агасы карындашын сабаган адамды атып өлтүргөн окуя. Соттук отурум жылдырылды

Ушул жылдын июль айында милиция Чүй облусунда карындашын кордогон адамга ок чыгарган жаранды кармаган. Окуя 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Милицияга эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ал жерден 1975-жылы туулган жарандын жансыз денесин табышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.

1989-жылы туулган келин Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен жол тосуп отуруп, 1975-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан унаага түшкөнү аныкталган. Айдоочу жолдон бурулуп кызга тийишип баштаганда, кыз унаадан түшө качкан. Жолдо бараткан башка унаага отуруп агасына телефон чалып окуяны айтып, коркуп жатканын билдирген. Кыз түшүп кеткен унааны 1975-жылы туулган жаран кууп жетип, унаадан кызды чыгарууга аракет кылып, чачынан жулуп сабаган. Ошол учурда жетип келген кыздын агасы окуяны көрүп газ-травматикалык тапанча менен ага ок чыгарган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу менен байланышканыбызда соттук отурум 1-ноябрга жылдырылганын билдирди. «Каза болгон жаран тарап келбегенине байланыштуу отурум жылдырылды. Бизге соттук отурум ачык болорун айтышкан, бирок башталганда жабык өтөт дешти. Мен агамды көргөн жокмун», — деди ал.