Чүйдө айдоочу аял кишини өлтүрө сүзүп кеткен

Сокулук районунун Фрунзе айылында аял кишини унаанын айдоочусу өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү ЖМКларга билдирди. 

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 1-октябрда саат 21:00 чамасында болгон. «Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден из жашырып кеткен. Аял ошол жерде  каза болду. Тез жардам унаасы Военно-Антоновка айылынан дээрлик бир жарым сааттан кийин келди», — деп айтылат маалыматта.