Чүйдө айдоочу бакты сүзүп, эки жаран каза болду

Чүйдө айдоочу бакты сүзүп, эки жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Кечээ, 31-март күнү Москва районунун Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 6 адам (2002-жылы туулган 2 эркек, дагы 2 эркектин аты-жөнү такталууда, 2005-жылы жана 2001-жылы туулган кыздар) жабыркаган. 2 эркек (2001-жылы туулган 1 эркек, дагы 1 эркектин аты-жөнү такталууда) каза болду.

Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандар Тез жардам кызматы менен Москва райондук ооруканага жеткирилди.