Чүйдө айдоочу кайгуул милициясынын кызматкерин сүзүп кетти

Аламүдүн районунда айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-октябрда саат 19:30дар чамасында Аламүдүн районунун Достук айылында, Алма-Ата көчөсүндөгү «Арзан» дүкөнүнүн жанында трактор мамыга урунган. Окуя болгон жерге кызматкерлер чыгып, кырсыктын схемасын түзүп жатышкан.

Жолдо тыгын болтурбоо максатында инспекторлордун бири кыймылды жөнгө салып турган учурда аны KIA 7 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен.

Азыркы учурда жабыркаган кызматкер Чүй облустук ооруканага жеткирилди. Инспекторду сүзгөн айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилген.