Чүйдө айдоочу рулга ээ боло албай бакты сүзүп, буту кыпчылып калган (видео)

Кечээ, 15-май күнү саат 21:00 чамасында Чүйдүн Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө Портер үлгүсүндөгү унаанын ээси рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусунун буту кыпчылып чыга албай калган. Ал жерге 5 куткаруучу барып, 1982-жылы туулган жаранды гидравликалык шаймандар менен чыгарып, Тез жардам кызматына тапшырып беришкен. Маалыматка ылайык, жарандын абалы канааттандырарлык.