Чүйдө айдоочу унааны башкара албай каналга түшүп, каза тапты (фото)

Бүгүн, 7-август күнү Чүй районунун Шамшы айылында Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
— Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы айдоочу, Ш.М. аттуу жаран көз жумган.
Жерине саат 03:20да Токмок шаардык №21 ӨКБдан 3 куткаруучу, кошумча саат 04:21де Токмок шаардык №21 ӨКБдан 2 суучул тартылып, унааны суудан чыгарып, жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.