Чүйдө айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатуу фактысы боюнча жергиликтүү бийликтин учурдагы жана мурдагы өкүлдөрү кармалды

6-августта Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер тилкелерин өзүм билемдик менен ээлеп алууга жана мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу максатында комиссия түзүлүп, Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын №578, 569, 569*, 580, 580* контурларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада айыл чарба багытындагы “айдоо” жана “жайыт” жерлерге бир катар мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлгөндүгү белгилүү болуп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Бул факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу жана курулуш жүргүзүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелер айрым депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз документтер даярдалып, курулуш жүргүзүүгө уруксат берилгени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облустук ИИББнын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр аныкталган:
— 1966-жылы туулган Ш.И. аттуу жергиликтүү кеңештин депутаты;
— 1987-жылы туулган А.М. аттуу жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты,
— 1977-жылы туулган М.М. аттуу айыл өкмөтүнүн жер адиси;

— 1995-жылы туулган К.М. аттуу Васильевка айылынын тургуну.

Буларга карата Аламүдүн райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жер сатып алууда алданган жарандар арыз менен кайрылышып, келтирилген зыяндын суммасы 3 миллион сомдон ашкан.

Учурда бул жерлер боюнча туруктуу коррупциялык схема тууралуу версиялар текшерүүгө алынып, кылмыш ишин дыкат иликтөө үчүн Чүй облустук ИИББнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы токтомуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай курууга тыюу салынган. Ага карабастан, Чүй облусунда жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу жана мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүү фактылары уланып келет. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды мыйзамды сактоого чакырып, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү, куруу же сатуу аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.