Чүйдө айылдык кеңешинин төрагасы алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал жайыт жерди сатып жиберүүгө шектелүүдө

Кечээ, 10-июнда Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча Василевский айылдык кеңешинин төрагасы 1969-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ал айылдык кеңештин төрагасы болуп туруп, кызматтык абалынан пайдаланып, аталган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен келишим түзүп, үчүнчү жактардын ишенимине кирип, алдоо жолу менен жайытка тийиштүү жерлерди сатып жиберген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын Аламүдүн районунун аймагындагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга да катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.