Чүйдө атасын өлтүргөн жаран милицияга өзү барган

Москва районунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү милицияга өзү келген. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-август күнү болжол менен саат 20:30 чамаларында Москва РИИБге Петровка айылынын 1991-жылы туулган жашоочус кайрылып, ал өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген. Анда 12-август күнү болжол менен саат 03:00 чамаларында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам атасынын денесине жаракат келтирип, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.

Алынган маалыматтын негизинде Моска РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган жаран камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.