Чүйдө атчан кишинин унаага урунганы. Тараптар эч кимге доосу жок экенин билдиришкен

Кечээ, 12-январда социалдык тармактарга Чүйдө атчан кишинин унаага урунган учуру тартылган видео тараган. Атчан киши жолдун каршы тилкесине чыга калган башка жылкыны кармаганга аракет кылам деп унаага урунган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жол кырсыгынын чоо-жайын билдирди.

Маалыматка караганда, 11-январь күнү милицияга атчан адам унаанын алдына кирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүүдө кырсык 10-январда катталганы, Хонда Инспайр унаасынын 24 жаштагы айдоочусу атчан адамды сүзүп кеткени маалым болгон. Кесепетинен айдоочу, жүргүнчү жана атчан адам жабыркаган. Эки тарап тең эч кимге доосу жок экенин билдиришип, тосмо арыз беришкен. Териштирүү уланып жатат.