Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин окуудан өткөндүгү жана авто мектептерди аяктагандыгы тууралуу жасалма күбөлүктөрдү даярдоо менен алектенген туруктуу кылмыштуу топ аныкталды.
Такталгандай, уюшкан топтун курамына бир катар жеке авто мектептердин директорлору — Б.Т. («Ж.А.» авто мектеби) жана М.А. («Ж.Ж.А.» авто мектеби) кирген. Алар ортомчу И.Т. аркылуу, ошондой эле башка адамдардын жардамы менен Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн жарандардан «МБанк» электрондук капчыгы аркылуу 40 000 сомдон 120 000 сомго чейинки өлчөмдө мыйзамсыз акча каражаттарын алышкан. Мында окуучулардын иш жүзүндө катышуусу болбостон, аларга айдоочуларды даярдоо программасы боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу жасалма документтер таризделген.
Акча каражаттары алынгандан кийин кылмышкерлер жарандарды мамлекеттик порталга формалдуу түрдө каттап, жол кыймылынын эрежелерин теориялык окуусун жана практикалык айдоону өтпөстөн эле авто мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү беришкен. Бул алардын айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыруусуна жол ачкан. Натыйжада, ортомчулардын бирөөсү аркылуу гана авто мектептерге 244 окуучу мыйзамсыз кабыл алынып, алардан 2 760 850 сом өлчөмүндө акча каражаты алынганы аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштуу иштин уюштуруучулары — И.Т., М.А. жана Б.Т. — Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 200 айдоочулук курстарды каттоо журналы, 160 авто мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүк, 264 башка документ, 8 электрондук маалымат ташуучу каражат, ошондой эле 40 огу менен бир аңчылык мылтык алынды. Алынган буюмдардын баары кылмыш иши боюнча далил буюмдар катары таанылды. Мындан тышкары, ар кайсы чет өлкөлөрдөн алып келинген транспорт каражаттарын каттоо тууралуу жасалма күбөлүктөрдү жана чет өлкөлүк транзиттик мамлекеттик номер белгилерин даярдоо каналы да аныкталды.
Тергөө иштери улантылууда.