Чүйдө аял бычакталып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-августта болжол менен саат 18:10 чамасында Москва РИИБге кабар түшкөн. Анда Беловодское айылындагы үйлөрдүн биринде 1956-жылы туулган мас абалындагы эркек киши менен 1958-жылы туулган аял кишинин ортосунда уруш чыкканы, кесепетинен эркек киши бычакты алып, аялдын курсак тушуна бир нече жолу сайып жибергени айтылган. Кесепетинен аял көз жумган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.