Чүйдө аялды өлтүрүүгө шектелген жаран изделип жатат

2-мартта Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунда 1975-жылы туулган аялдын киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факты каттоого алынып, адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган Шаршеев Бердибек Шеримкулович аныкталган. Ал из жашырып кеткен.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607567, 0500666600, 0702451577 номурларына чалсаңар болот.