Чүйдө аялдын сабалышы. Кылмышка шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылган учурда кармалды

Чүй облусунда төрт баланын энеси күйөөсү тарабынан катуу сабалган. Шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылган учурда кармалган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Буга чейин келин күйөөсү тарабынан сабалганын айтып, милицияга арыз жазган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 177-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылган учурда  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.