Чүйдө аялын көгала кылып сабаган киши үй камагына чыкты

Чүйдө аялын сабоого шектелип кармалган жаран үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

Буга чейин келин күйөөсү тарабынан сабалганын айтып, милицияга арыз жазган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 177-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылган учурда  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.