Чүйдө аялын кызганып, белине чейин көмүп салган 33 жаштагы кишиге сот өкүм чыгарды

Аялын сабап, андан кийин белине чейин чуңкурга көмүп салган Панфилов районунун тургуну 280 сааттык коомдук жумушка тартылды. Бул тууралуу райондук соттун өкүмүндө айтылат.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. 2020-жылы декабрда ал Орусиядан келген. Анын айтымында, ал аялынын өзгөргөнүн байкаган, тактап айтканда аялы ага тийиштүү көңүл бурбай калган. Шектүү «аялым көзүмө чөп салып жатат» деп шектене баштаган. 22-апрелде ал ачуулангандыктан спирт ичимдигин ичкен, анткени бир күн мурун анын аялынын телефонунда бейтааныш адам менен жазышуусун окуп калган. 

«Айыпталуучунун айтымында, ал үйүнө келгенде, аялынан чындыкты мойнуна алууну талап кыла баштаган, бирок ал муну мойнуна алган эмес. Аялды бир нече жолу ургандан кийин, мурда оюлган чуңкурга сүйрөп барып, коркутуу максатында көмүп салган. Бул учурда коңшулары чуркап келип, аны тынчтандырып, чогуу аялды чуңкурдан алып чыгышкан. Ал киши кылган ишине өкүнүп, мындай иш-аракетти кызганычтын айынан жасаганын түшүндүрдү. Жабырлануучу сот отурумунда күйөөсү менен элдешкенин, эч кандай дооматы жок экендигин айтып, ага карата кылмыш ишин козгоону токтотууну суранды», — деп айтылат соттун өкүмүндө.