Чүйдө «Аза Большой» кармалды. Анын жанынан гашиш табылган (видео)

Чүйдө баңги кылмышына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин ыкчам кызматтары кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу каналын турукташтырып алган жарандар жөнүндө маалымат алышкан. Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылы кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектүүлөрдүн бирин-мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун 1983-жылы туулган жашоочусун кармашкан.

3-февраль күнү кызматкерлер кармашкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Аза Большой” лакап аттуу жарандан ширенкенин кутусундай таңгакталган каннабис чайыры (гашиш) табылып алынган. Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.