Токмок шаарында милиция кызматкерлерине пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
28-июнь күнү Токмок шаарынын жол тескөөчүлөрү тарабынан мотоцикл башкарып бара жаткан өспүрүм токтотулуп жанында тийиштүү документтери жок болгондуктан мотоцикл айып короого киргизилген.Бул окуянын негизинде өспүрүмдун атасы 1977-жылы туулган жаран кайрылып, жогорудагы ишти чечип берүү максатында акча каражатын сунуштаган.
Бул факты Чүй ОИИБге катталып, пара берүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1977-жылы туулган жаран кыматкерлерге пара берүү учурунда кармалган.