Чүйдө балык уулоого кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылды

Чүйдө суудан жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге «102» кызматынан кечээ, 26-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Аламүдүн районунун Виноградное айылында Ат-Башы каналына 1958-жылы туулган эркек киши балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн, 27-октябрда ал жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.