Чүйдө банктык картаны пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү кармалды

5-февралда Ысык-Ата РИИБине 1981-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 5-февралда саат 13:21 чамасында ага WhatsApp тиркемеси аркылуу чалып, төрт орундуу кодду айтууну суранышкан. Андан кийин анын «Элдик Банктагы» электрондук капчыгынан 1 999 006 сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө чыгарылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1984-жылы туулган Т.Э. аттуу жаранды аныкташкан. Ал Telegram мессенжери аркылуу жарандардан банктык карталарды сатып алып, аларды криптовалюта биржасында иш жүргүзүү үчүн пайдаланарын айтып түшүндүргөн.
Тергөө учурунда 1 999 006 сом өлчөмүндөгү уурдалган акча каражаттары шектүү Т.Э. тарабынан үчүнчү жактардан мурда сатып алынган банктык картага которулгандыгы аныкталган. Аталган карта башка жаранга катталган болуп, мыйзамсыз түрдө накталай акчага айлантуу жана андан ары башка эсептерге которуу максатында колдонулган. Т.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө тарабынан кылмыштын бардык жагдайлары, ошондой эле бул схемага башка адамдардын тиешеси бар-жогу аныкталууда. Тергөө иштери улантылууда.