Чүйдө дүкөнгө ууруга кирди делип 15 жана 11 жаштагы өспүрүмдөр кармалды

Жашы жете элек өспүрүмдөр уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кемин районунда жайгашкан дүкөндөрдүн ээлери уурулук фактысы боюнча арыз менен Кемин райондук милиция бөлүмүнө кайрылып, дүкөндөрдүн кулпусун бузуп кирип, акчаларды, уюлдук телефондорун, тамак-аштарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда.

Фактылар Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, Жазык кодексинин «уурулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери жана Кемин РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Шектелип кармалгандар 15 жана 11 жаштагы балдар болгон. Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдарды башка ушул сыяктуу жасалган кылмыштар боюнча текшерип жатышат. Үч факты боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.