Чүйдө бир нече уурулукка шектелген жарандар кармалды (сүрөт)

Бир нече уурулук кылмыштарына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 29-май күнү Токмок ШИИБге жергиликтүү 40 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, Вепрь-КМ үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгын жана 7,62х39мм калибрдеги 200 даана огун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда, үй ээси үйүндө жок учурунда белгисиз бирөөлөр терезеси аркылуу киришип, үйүндөгү сейфти ачышып, ал жерде сакталып турган ок атуучу куралды жана ок дарыларды уурдап кетишкени малым болгон. Чүй ОИИБдин жана Токмок ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы уурулукка шектелип 3 жаран кармалган. Шектүүлөрдүн экөөсү буга чейин уурулук боюнча сот жообуна тартылганы териштирүү учурунда маалым болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кылмышка шектүү жарандардын дагы Токмок шаарында 8 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги маалым болгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.